Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Тажик жүк ташуучу унааларын коштоп жүргөн милиция кызматкерлери жазаланышат

18.06.2021 09:50
2726
Тажик жүк ташуучу унааларын коштоп жүргөн милиция кызматкерлери жазаланышат


Тажик жүк ташуучу унааларын коштоп жүргөн милиция кызматкерлери жоопко тартылышат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.


Белгиленгендей, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга кол салган ишти УКМК кызматкерлери териштирип жатышат. Жыйынтыгынан кийин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чара көрөт.


"Эгерде УКМКнын полиция кызматкерлери кандайдыр бир кылмышка күнөөлүү деп табылса жана аларга айып тагылса, анда алар сотто жазаланат. Болбосо, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кызматкерлерине чара көрүп, тартиптик жаза менен кызматтык иликтөө жүргүзөт", - деп билдиришти күч органдарында.


Учурда УКМК бул иш боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.


Эске салсак, 11-майда Facebook колдонуучусу Гулкайыр Абдиманнап кызы кыргыз милиция кызматкерлери тажик номери менен жүргөн жүк ташуучу унааларды коштоп, жергиликтүү тургундарга карата басынтып, коркутуп жаткан видео тасманы жарыялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн