Бугу 10, 2024
Убакыт: 12:57
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Тажикстан коронавируска чалдыккандардын саны боюнча Кыргызстандан ашты

16.05.2020 15:06
1157
Тажикстан коронавируска чалдыккандардын саны боюнча Кыргызстандан ашты


Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлиги өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1118ге жеткенин маалымдады. Бул тууралуу Тажик басылмалары жазып чыгышты. 


Ага ылайык, Тажикстанда акыркы бир суткада коронавирус дагы 211 адамдан аныкталып, жалпы ооругандардын саны 1118ге жеткен.


Ошондой эле мааалыматта акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан 4 киши көз жумуп, жалпы курмандыктардын саны 33кө жеткени айтылат.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-майга карата коронавирус илдетин жуктургандардын саны 1117ге жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлаган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн