Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар күч алды

30.04.2021 11:22
3797
Тажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар күч алды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар күч алды. Бул тууралуу "pk.kg" сайты тажик басылмаларга таянып жазды. 


Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталды.


«Ислох» сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, ачуу сөзүн айта баштады.


Тажикстандын баардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз» деген видео тартып, бири-бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох» сайты жалпыга жар салууда.


Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган – уругу, бала – чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин жок кыла турган болду. Мамлекетти карызга батырды. Коншуларыбыз менен достугубузду жок кылды. Буларга импичмент жарыялансын», - деген чакырыктар айтылган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жээнбек
Эмомали ухади пока не поздно