Тажикстандын Хатлон облусунун Куляб шаарында инфекциялык оорукананын 14 дарыгери карантинге алынды. Алар чет өлкөдөн келип, 14 күнгө карантинге алынган 60тан ашуун эмгек мигрантын карашкан.
Карантин бүткөн соң мигранттар менен кошо медиктер да үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Бирок эки күндөн кийин ак халатчандар кайрадан карантинге алынды.
Оорукананын башкы дарыгери Абдукарим Шокиров 14 кызматкердин экөө пневмонияга чалдыкканын билдирди. “Азыр алардын абалы жакшы. Биринчи тест диагнозду аныктаган жок, ошондуктан экинчи жолу эксперсс-тест өткөрүүнү чечтик”, – деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн