Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 16:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Тажикстандагы митингде милициянын огунан каза болгондор жана жаракат алгандар бар

17.05.2022 07:51
1832
Тажикстандагы митингде милициянын огунан каза болгондор жана жаракат алгандар бар

16-майда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда жергиликтүү эл акимдин кызматтан кетишин талап кылып митингге чыккан.


"Озоди Тажикстан" кызматы билдиргендей, митингге чыккан эл борбордук аянтка карай жөнөгөн учурда эле милиция жолду бууп, элге ок чыгарган.

Борбордук аянтка бара турган бардык көчөлөр милиция тарабынан курчоого алынган. Мындан улам борбордук аянтка кирүүгө аракет кылган жарандар менен милициянын ортосунда кагылышуулар болгон. Милиция кызматкерлери митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, желим окторду колдонгон.


Кагылышуу учурунда бир адам октон каза болуп, алты адам жаракат алган.

Митингге чыккандар түнү менен да тараган эмес.

Маалыматка караганда, митинг бүгүн дагы уланат 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн