Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандан аткезчилик менен 2160 даана "Ягуар" алынып келген

Тажикстандан аткезчилик менен 2160 даана "Ягуар" алынып келген



 УКМК Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, 2022-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын аймагына Тажикстан Республикасынан аткезчилик жол менен алынып келинген 2160 бөтөлкө көлөмүндөгү “Ягуар” ичимдиги алкоголдук продукция аныкталган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


          Көрүлгөн чаралар менен жогорудагы мыйзамсыз аракетке катышкан Кыргыз Республикасынын жараны К.А.А. бул алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып келүү фактысын тастыктаган, ошол эле учурда кылмышка шектүү дагы бир шериги жүк ташуучу унаада Тажикстан Республикасынын аймагына качып кеткен.


          Учурда бул факты боюнча процессуалдык документтер түзүлүп, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн