Москвада тажик блогери Руслан Бобиев кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.
Маалым болгондой, блогер полиция формасындагы кыз менен уяттуу сүрөткө түшүп, социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Мигранттын бул аракети орус жарандарынын кыжырын келтирген. Ал храмдын жанында ушундай сүрөткө түшкөнү ого бетер жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жараткан.
Полиция кызматкерлери Бобиевди кармаган. Ал орус элинен экинчи мындай кадамга барбай турганын айтып, ыйлап кечирим сурады.
Ал 15 суткага камалып, Россиядан депортацияланышы мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн