Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 09:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Тажикстандык кыргыздарды кууп чыгып, балдарын алып калган аракет болуп жатабы?

05.05.2021 11:38
1039
Тажикстандык кыргыздарды кууп чыгып, балдарын алып калган аракет болуп жатабы?


Интернеттеги социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары Тажикстанда жашаган кыргыз улутунун өкүлдөрүнө тажик бийлиги тарабынан кысымдар жасалып жатканын кабарлашууда.


Алсак, Жылдыз Камчыбекова аттуу колдонуучу «Тажикстандын Жерге-Талынын Кашка-Терек айылынан (Чоң-Алайга чектеш) 17 кыргыз жараныбыз Бишкекке келип, аргасыз кимге кайрылаарын билбей жатышат. Жергеталдыктар кыргыз жарандары болгондуктан чек арадан күч менен чыгарып, кичинекей балдарын (ымыркайынан мектеп окуучусуна чейин) алып калышкан. Анткени балдарында тажик жарандыгы бар. Жергиликтүү тажик бийлиги балдарын интернатка өткөрөөрүн айткан. Жүрөктөрү тилинип турган ата-энелерге жардам керек. Телефон 0709 030379, Суни мырза. Юридикалык, моралдык жардам керек», - деп жазды.


Бул маалыматка кыргыз бийлиги тарабынан тиешелүү жетекчилер кандай чара көрөт? Чындап эле тажик бийлиги тарабынан ошондой кысымдар жасалып жатабы? Эгер жасалып жаткан болсо, ага кандай чаралар көрүлөт? Эл азыр кыргыз бийлигинин расмий өкүлдөрүнөн ушул суроолорго жооп күтүп турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн