Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 01:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Тажикстандык спортчу өмүр бою футболдон четтетилди

24.04.2020 15:28
983
Тажикстандык спортчу өмүр бою футболдон четтетилди


Тажикстандын “Файзканд” командасынын оюнчусу өмүр бою футболдон четтетилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн футбол федерациясынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 23-апрелде коңшу өлкөнүн футбол боюнча Контролдук-дисциплинардык комитетинин отуруму болуп, анда "Душанбе-83" жана "Файзканд" командаларынын жаштар курамынынын 17-апрелде өткөн оюну каралган.


Ал беттеште "Файзканд" командасынын оюнчусу Рамозон Почев мелдештин калысын бетине муштаганы үчүн оюндан четтетилгени каралган.


Контролдук-дисциплинардык комитетин чечими менен Рамозон Почев өмүр бою футболдон четтетилген. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн