Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандын агрессиянан жабыркагандардын 36 млн насыясы жоюлду

11.03.2023 12:46
251
Тажикстандын агрессиянан жабыркагандардын 36 млн насыясы жоюлду


Улуттук банк өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган жарандардын кредит маселеси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, финансы-кредит уюмдарына мурда насыя алган 514 адам кайрылган. Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен 36,2 миллион сом суммасында 377 кредит жоюлган. Ал эми 66,5 миллион сомдук 227 насыя реструктуризацияланган. Анда төлөө мөөнөтү жылдырылып же пайыздар азайтылышы мүмкүн.

Аны менен катар эле өткөн жылдын 18-ноябрынан быйылкы жылдын 28-февралына чейин Баткен облусунда 2 миллиард 799,9 миллион сомго 27 207 кредит артыкчылыктуу тартипте каралып берилген. Ошол эле учурда "Кепилдик фонду" ишканасы кредит алып жаткан баткендиктерге 115,5 млн. сом суммасында 228 кепилдик берген.

Улуттук банк учурда дагы финансы-кредиттик уюмдар кагылышта жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатканын белгиледи. Алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн