Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:02
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Тажикстандын агрессиясы: Баткенге чет элдик жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү барды

22.09.2022 11:13
556
Тажикстандын агрессиясы: Баткенге чет элдик жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү барды

Кыргызстандагы чет өлкөлүк жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү Баткен облусуна барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.


Анын айтуусуна караганда, башкы максат – чек арабызга чектеш айылдарга баскынчылык менен кирип келип жай тургундардын, социалдык объектилерди талкалашканын көрсөтүү жана ал аркылуу дүйнө коомчулугуна чындыкты жеткирүү.


"Учурдан пайдаланып, акыркы кырдаалга байланыштуу маалыматтык коштоодо - кыргызстандык кайдыгер эмес жарандар, журналисттер жана блогерлердин салымы бар экенин белгилеп, аларга ыраазычылык билдирем. Ошону менен бирге, маалыматтык салгылашта кандай ыкмалар колдонулуп жатканы купуя бойдон сакталышы керек деп эсептейм. Тилекке каршы, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ЖМКлар аркылуу ушул күндөрү жасалган иштерди, жардамга колу тийип калган айрым досторубуз бүт сырды ачыктап айтып жатышат. "Маалыматтык согушта бул андай иштеди, мындай кылса болмок, биз бул ыкмаларды колдондук эле, тажиктерди уттук" деп жарыялап жатышат.


Эгерде, чын эле жардам берүү учурунда максатыңыздар "мамлекетке пайдабыз тийсин" деген болсо, анда кандай иштегениңерди айтып, ачыктап кереги жок.


Берген жардамыңар өзүңөрдү таанытуу, "самопиар" үчүн болсо, анда айтып коелу, бул туура эмес. Тескерисинче зыяны дагы тийип калышы толук мүмкүн. Бардыгын эле ачыктай берсек, анда стратегиялык жактан чоң ката кетирген болобуз. Ушунча болду, анда биздин аскерлердин позициясынан бери мактанып айтып берели!


Маалыматтык согушту салыштыра турган болсоңор, кармаштын аягы бүтө электе "биз мынтип аттык, момундай куралыбыз бар болчу, тоонун бул үңкүрүнөн барын көрүп турдук", деген сыяктуу эле да!


Урматтуу блогерлер, чын ниеттен жардам берсеңиздер анда купуялуулукту сактаңыздар. Самопиар, популисттик үчүн жардам берип, кайра аны мактанып, аны менен тим болбой мамлекеттин маалыматтык саясатын "эмне кылып жатасыңар, элге айтып тургула" деген кыска түшүнүктөн алыс болууга чакырам!


Биздин маалыматтык талааны башка тараптар да тыкыр мониторинг кылып, талдоого алып жаткандыгы талашсыз.


Бул кайрылуум ушул жагдайды эске алуу менен. Андыктан, туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенем!", - деп билдирүү калтырган Орунбеков өзүнүн соуиалдык тармактагы баракчасында.


Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.


140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.


КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн