Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандын агрессиясы: Туманбаев чек арадагы курулушу бүткөн 30 үйдү тапшырды

18.01.2023 16:41
193
Тажикстандын агрессиясы: Туманбаев чек арадагы курулушу бүткөн 30 үйдү тапшырды

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган үйлөрдүн курулушу кызуу жүрүүдө.


Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиргендей, бүгүн, 18-январда 30 үй колдонууга берилди, жалпы 45 үй толук бүткөрүлгөн.

"Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулушу аяктаган үйлөрдүн ээлерине президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырды. Калган үйлөрдүн алды аяктоо алдында, бүтө электеринин 80-90% жумуштары аткарылган. Турак жайлардын жумуштарын мартта толук бүткөрүп, ээлерине өткөрүү тапшырмасы коюлду", - деди ал.

Орунбеков алдыңкы 10 күн ичинде дагы 30га жакын үйдүн курулушу аягына чыга тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн