Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Тажикстандын өкмөтү «Клооптун» Лейлекте тартылган сүрөтүн Согди облусу тууралуу маалымат таратууда колдонду

05.05.2021 19:57
1041
Тажикстандын өкмөтү «Клооптун» Лейлекте тартылган сүрөтүн Согди облусу тууралуу маалымат таратууда колдонду


Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети 3-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийинки келтирилген зыян тууралуу маалымат жарыялады.

Анда жаңжалда Согди облусунун Исфара шаарынын Сурх, Воруз, Чорку жамаатында жана Бобожон Гофуров районунун Овчикалъача айылында жалпы 14 турак үй өрттөнгөнү жазылган. Ал эми үч үй жарым-жартылай бузулганы айтылат.

Максат айылы. Сүрөт: Хамидулло Узаков / «Клооп»

Ошол эле учурда Тажикстандын ӨККсы сайтында жарыялаган пресс-релизге Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында тартылган сүрөт тиркелген — бул сүрөттү «Клооптун» оператору Хамидулло Узаков 2-майда тарткан.

Сүрөттөгү өрттөлгөн турак жай Максат айылынын Назимбай аттуу тургунуна таандык. Үй 30-апрелге караган түнү тажик аскерлери айылга бастырып киргенде өрттөлгөн.

«[Үйдү салганыбызга] 7-8 жыл болуп калды. Өмүрүбүздө бар тапканыбыз жок болду. [Үйдө] апам, үй-бүлөм менен анан бир жээним аял, бала-чакасы менен [жашачубуз]. Эки үй-бүлө жашачубуз да [...] Өкүнүчтүү, андан башка айлабыз жок, эмне кыласың? [...] Эл-журт бар, жардам берсе калыбына келтиребиз кайрадан», — деген Назимбай «Клооптун» журналисттерине курган маегинде.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Чек арадагы ок атуулардын кесепетинен 189 киши жарадар болуп, анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Мындан улам кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт. Бул тууралуу мурдараак УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген.

Булак: kloop

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн