АКШнын Техас штатындагы Ювалд шаарында 24-май күнү башталгыч мектепте куралдуу кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, 18 жаштагы Ювалд шаарынын Сальвадор Рамос аттуу жараны колундагы автомат менен мектепке кол салып, окуучуларды аткылаган.
Натыйжада 18 окуучу, бир мугалим жана эки жаран каза болгон.
Полиция кызматкерлери окуя болгон жерде Сальвадор Рамосту атып өлтүргөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн