Техаста күйүүчү май жана көмүр ташыган поезддин оор жүк менен кагылышуусунан улам күчтүү жарылуулар орун алды. Окуянын күбөлөрү катуу жалынды видеого тартып алышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, поезддин айдоочусу менен жүк ташуучу унаа айдоочусу аман калышкан. Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатышат. Өрттү болжолдуу түрдө жоюу убактысы азырынча белгисиз.
Буга чейин маалымдалгандай, АКШнын президенти Джо Байден Техас штатында катуу бороондон улам табигый кырсык болгон аймак деп жарыялаган. Америкалык лидер бийликке штаттын тургундарына жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн