Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Техника илимдеринин доктору Чабалдай Джаныбеков дүйнө салды

09.07.2020 16:38
1197
Техника илимдеринин доктору Чабалдай Джаныбеков дүйнө салды


Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагы чоң жоготууга учурады. 8-июлда Билим берүүнүн мыктысы, техника илимдеринин доктору, илимге эмгек сиңирген ишмер Джаныбеков Чабалдай дүйнө салды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Чабалбай Джаныбеков 1930-жылы Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында туулган. 1947-жылы Темиров орто мектебин алтын медаль менен аяктаган соң, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, аны да артыкчылык менен аяктаган. Эмгек жолун Нарын мугалимдер институтунда, андан кийин аялдар педагогикалык институтунда окутуудан баштаганына карабастан, илимди жашоодогу негизги кесип катары аныктайт.


1967-жылы ал Илимдер академиясында лаборатория түзүп, аны жетектеген. 1991-жылы жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин негизинде ал техника илимдеринин доктору диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 300дөн ашык илимий эмгектерди, анын ичинде суюктук жана газ механикасы боюнча 12 илимий монографияны, математика боюнча 4 терминологиялык сөздүктү басып чыгарган.

 

Ч.Джаныбеков жаш илимпоздорду даярдоого көп көңүл бурган. Анын жетекчилиги астында 15 кандидаттык жана 4 доктордук диссертациялар жакталган.


Окумуштуунун математика боюнча кыргыз терминологиясынын өнүгүшү боюнча алтымыш жылдык эмгегин белгилебей кетүү мүмкүн эмес, ал Кыргыз энциклопедиясы үчүн жүзгө жакын макала жазган, ал Илимий Кеңештин туруктуу мүчөсү болгон. Мамлекеттик комиссия менен биргеликте ал кыргыз элинин чыгаан уулдарынын биринин 100 жылдыгына арналган Тыныстановдун чыгармалар жыйнагын даярдап, басып чыгарган.

 

Джаныбеков Чабалдайдын көп жылдык үзүрлүү илимий, педагогикалык жана коомдук ишмердиги мамлекеттик сыйлыктар: “Эмгек ардагери” медалы, Жогорку Кеңештин Президиумунун Ардак грамоталары, Илимдер Академиясынын Президиумунун Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси жана “Даңк” медалы менен сыйланган. Ага “ КР илимине эмгек сиңирген ишмери” деген ардактуу наам ыйгарылган.


Анын жаркын элеси жакындарынын, кесиптештеринин жана окуучуларынын эсинде түбөлүккө калат. Маркумдун туугандарына, уул-кыздарына жана жакындарына терең көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

К.А.Исаков, Ж.А.Ташиев, Н.К.Омуров, Н.С.Джусупбекова, П.Б.Түркбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн