Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өмүрбек Текебаев: Бакиев элди алдап кеткен

07.04.2020 17:54
4640
Өмүрбек Текебаев: Бакиев элди алдап кеткен

Мен ар дайым 2005-жылдагы Март революциясы жана 2010-жылдагы Апрель революциясындагы тарыхый окуяларды үй-бүлөлүк башкарууга, түбөлүк түшпөс хан бийлигин орнотобуз деген мурдагы президенттердин саясий аракеттерин уратууга элдин эрки менен жасалган революция катары эсептейм, деп билдирди Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Өмүрбек Текебаев “Медиа центр” агенттигине Апрель окуясынын 10 жылдыгын эскерип жатып.

Ал белгилегендей, 2005-жылы элдин эрки менен Аскар Акаевдин кландык башкаруусу урап, К.Бакиевдин бийлиги орноду. Бирок Бакиев тилекке каршы элди алдап кетти. Анткени, анын элдик реформаны өткөрүү менен чыныгы демократиялык бийлик түзүлөт деген убадасы аткарылган жок. "Тескерисинче, үй-бүлөлүк режимди орнотту, өзүнүн жеке кызыкчылыгына баш ийдирүүгө аракет жасады. Мындан улам ондогон адамдар реформалардын аткарылышын талап кылып чыгышты. Ошондой эле алданган кайран эл Бакиевдердин тарыхый чечкинсиз кадамдарын эске алып, аны да бийликтен алууга бел байлашты, түбөлүк бийлик орнотууга жол бербейбиз деген бир топ азаматтардын өмүрлөрү кыйылды”, - деди Ө.Текебаев.

Өмүрбек Чиркешовичтин айтымында, 2010-жылы ушундай кырдаалда Орто Азияда биринчи жолу президенттер алмашты. Парламенттик шайлоодо бийлик түшпөс хан эмес, элдик башкаруу болот деген элдин пикири орундалды.

Апрель революциясы негизги маселеде чоң жетишкендиктерге жетишти деп ойлойм. Албетте, ар ким ар кандай максаттарды койгон. Бирок 2010-жылда орундалган максаттарды трансформациялоодо тилекке каршы Алмазбек Атамбаев убадасын аткарган жок. Ал эски бийликти калыбына келтирди”, - дейт саясатчы.  

“Саясий максаттарды трансформациялоо 2005-жылга караганда 2010-жылы албетте ишке ашырылды десек болот. Себеби, Убактылуу өкмөт келип, өзү белгилеген парламенттик шайлоо өттү. Бирок ошол учурда алардын бири да бийликке келген эмес, элдин тандоосу менен парламентке оппозициялык маанайдагы партиялар келген”, - деп кошумчалады экс-депутат.

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Жыргал
Кандай болсо да кыйын киши Текебаев! Тан бериш керек!