Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:35
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Текебаев Германия тараптан кыргызстандыктарга виза берүүнү жөнөкөйлөтүүнү суранды

12.08.2022 12:23
537
Текебаев Германия тараптан кыргызстандыктарга виза берүүнү жөнөкөйлөтүүнү суранды


Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин “Түштүк Кавказ жана Борбор Азия” бөлүмүнүн жаңы жетекчиси Матиас Фоллерт менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара визиттерди уюштуруу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү талкууланды.

Элчи Өмүрбек Текебаев БУУнун алкагында Кыргызстандын демилгелери тууралуу, атап айтканда “2022-жылды Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жана “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер” тууралуу маалымат берди. Андан тышкары, элчи 2022-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында боло турган тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги Кеңешме тууралуу маалымдап, герман тарапты иш-чарага активдүү катышууга жана Кыргызстандын демилгелерин колдоого чакырды.

Ошону менен бирге элчи Өмүрбек Текебаев консулдук чөйрөдөгү маселелерди да көтөрүп, германиялык тарапка Кыргызстан тарабынан берилген документтердин жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле Германиянын Кыргызстандагы элчилигине виза алуу үчүн кайрылган кыргыз жарандарына тез арада документтерди тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүү өтүнүчү менен кайрылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн