Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 17:18
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Текебаев кыргыз жарандарын Германияга ишке орноштурууну талкуулады

09.09.2022 10:50
998
Текебаев кыргыз жарандарын Германияга ишке орноштурууну талкуулады




2022-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Эмгек жана социалдык иштер боюнча Федералдык министрлигинин Европалык жана эл аралык ишке орноштуруу жана социалдык саясат департаментинин директору Карстен Штендер менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.


Жолугушууда Кыргызстандан келген квалификациялуу кадрларды Германияга ишке орноштуруу маселелери талкууланды.


Элчи Текебаев уюшкан түрдɵ ишке орноштурууну камсыз кылуу ʏчʏн системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул максатта жакын арада Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу пландалып жатканын билдирди.


Карстен Штендер Германиянын Эмгек жана социалдык иштер федералдык министрлигинин Германияга башка өлкөлөрдөн кадрларды тартуу боюнча аракеттери тууралуу маалымат берип, Германияда квалификациялуу кадрларды ишке орноштуруу боюнча Кыргызстан менен мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн