Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 22:54
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Текебаев менен Чотоновдун соттук отуруму кайра жылды

30.11.2020 17:08
664
Текебаев менен Чотоновдун соттук отуруму кайра жылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана КРнын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, отурумда иш материалдарын изилдөө уланууда.

Жумуш күнү аяктагандыктан соттук отурум 3-декабрь, саат 14:00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн