Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Текебаев парламентте депутат болуп турса жаман болбойт болчу, - Турсунбек Акун

04.03.2021 09:49
1709
Текебаев парламентте депутат болуп турса жаман болбойт болчу, - Турсунбек Акун


Экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин Жогорку Кеңештен мандат алуу процедурасы башынан эле бузулган. Мындай пикирди мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Медиа центр” мультимедиалык маалымат агенттигине билдирди.


Анын түшүндүрмөсү боюнча, шайлоо тизмесиндеги катар сан бузулган. Кезек аягына чыккандан кийин гана Текебаев кайра башынан мандат алууга укуктуу болмок. Жободо ушундай жазылат. Демек, бул жерде мыйзам бузуу болгон. Кеп Өмүрбек Текебаевде эмес, мыйзамда ушундай.


Текебаевдин иши боюнча сотко кысым болду деп айтууга болбойт. Сот мыйзам чегинде чечим чыгарды. Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттык мандатты берүүдө ката кетирип алса керек. Бул жерде авторитетке эмес, мыйзамга караш керек”, - дейт Турсунбек Акун.


Ал кошумчалагандай, бирок Текебаев парламентте депутат болуп турса жаман болбойт болчу. Тескерисинче, пайда гана болмок. Күчтүү депутаттардын бири, тажрыйбасы мол, билимдүү киши. Бирок айла жок мыйзамды айланып өтүп кетүү туура эмес.

 

Тема боюнча: Жогорку сот Текебаевди мандатынан ажыратты


 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Мыйзамсыздык толтура азыр.Жон гана ынгайсыз фигура болуп калды Текебаев.Болгону ушул