Бугу 06, 2024
Убакыт: 12:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Өмүрбек Текебаев сот отурумуна келген жок

29.07.2020 16:39
1246
Өмүрбек Текебаев сот отурумуна келген жок


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун отурумунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши каралды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, 29-июлдагы соттук отурумуна айыпталуучу Өмүрбек Текебаев келген эмес. Мындан уламда соттук териштирүү 3-августка саат 14:00гө жылдырылган.


Белгилей кетсек, саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов “орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган” деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.


Жогорку Сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновду сот залынан бошоткон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн