Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Текебаев мандатынан кайра кол жууйт

23.11.2020 18:02
1135
Текебаев мандатынан кайра кол жууйт


Текебаев кайра мандатынан  ажырашы мүмкүн. Бул тууралуу президенттикке талапкер Темирлан Ормуков өзүнүн Facebook  баракчасы аркылуу билдирди.


"Текебаев мындан ары депутат боло албайт, мен соттон жеңип чыктым. Эми Жогорку Соттун Конституциялык палатасына барам. Ал катышкан бардык мыйзамдар негизсиз. Себеби, көчөдөгү адам КРнын парламентинде добуш бере албайт", - деген билдирүү  калтырган.


Буга чейин Ормуков Текебаевдин мандат алышы мыйзамсыз деген жүйөө менен Биринчи Май райондук сотуна БШКнын чечимин жокко чыгаруу боюнча даттанган.


Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевдин акталгандыгы тууралуу документи жок туруп мандат берген. Текебаев толук акталган эмес анын иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Демек, ал акталды дегенге жатпайт.


Бул боюнча Өмүрбек Текебаев эч кандай билдирүү бере элек.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сагалиева Жаркынай
Туура,негизи ошондой болушу керек эле,демек кайра мандатты сатып алган жана кимден экени да белгилүү. Мыйзамдын атасы-делген Текебаевге мыйзамды бузса болот экен да, жок жок жок! Өздөрү айткандай баарыбызга мыйзам бирдей! Айтса сөз көп...