Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 01:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Текебаевге кол салуу: Президент окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырды

01.12.2021 18:14
702
Текебаевге кол салуу: Президент окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгону тууралуу маалымат президент Садыр Жапаровго жеткирилди. Бул тууралуу катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


«Мамлекет башчысы өлкөнүн Ички иштер министрлигине бул факт боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну, Өмүрбек Текебаевге карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында тыкыр ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле болгон окуяда аны айрым күчтөр өз максаттарына колдонууга аракет кылып жатканын жокко чыгарууга болбойт.


Белгилей кетсек, ар бир адам макамына жана ээлеген абалына карабастан укук коргоо органдарынан өз укуктарын жана эркиндигин коргоону талап кылганга акысы бар. ИИМ өз кезегинде коомдогу жана мамлекеттеги тартип менен мыйзамдуулукту коргоо боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө милдеттүү», - деди Эрбол Султанбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн