Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Клара Сооронкулованы сотко берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал 24.кг агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Сооронкулова ушак таратып жатат.
Белгилүү болгондой, Урмат Самаев Клара Сооронкулованы сотко берүүгө ниеттенүүдө. Бирок качан сотко кайрыла тургандыгы азырынча белгисиз.
Эске салсак, кечээ Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгондон кийин Клара Сооронкулова аны сабаган балдардын артында Урмат Самаев турат деген маалымат тараткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн