Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Теледебат: Жанар Акаев добуш сатып алуунун жаңы түрүн айтты

23.11.2021 10:50
1345
Теледебат: Жанар Акаев добуш сатып алуунун жаңы түрүн айтты

Айрым аймактарда талапкерлер добуш сатып алуунун жаңы түрүн ойлоп тапкан. Мындай пикирин  Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, "Альянс" партиясынын мүчөсү Жанар Акаев теледебатта билдирди.


Анын айтымында, президент мамлекеттик кызматкерлерди тыйды, бирок талапкерлер башка жолун тапкан.


"Жакшыны жакшы деш керек. Мына ушул шайлоо башка шайлоодон айырмаланып жатат. Чын эле мэрлер, акимдер, губернаторлор бийликтин конкреттүү партиясына иштеген жок. Президенттин эрки күчтүү болду. Мен сизге бир кызык окуя айтып берейин: Кайсы шаар экенин айтпай эле коеюн. Айрым кандидаттар камоктор, дүкөндөр менен иштешип атыптыр. Ымдашып. Шайлоочу кирет экен, дүкөнчү сүрөттү көрсөтөт экен, ушуну шайласыңбы деп, макул, деп ымдашкандан кийин, каалаган нерсесин 2 миңге сомго алат экен. Кыргыздар ушинтип дагы бир жолун таап атат",- деди Акаев 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн