Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Темир Сариев сотко алынып келинди. Анын тарапташтары митинг өткөрүүдө

25.08.2021 09:43
715
Темир Сариев сотко алынып келинди. Анын тарапташтары митинг өткөрүүдө

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин тарапташтары Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында митинг өткөрүшүүдө. 




Алар Сариевдин үй камагына чыгышын талап кылууда. Митингге 100гө чукул адам катышып жатат. Алар "Сариевге боштондук" деген ураандарды чакырууда.




Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Темир Сариевдин баш коргоо чарасы тууралуу чыккан Биринчи Май райондук сотунун чечими каралат. Темир Сариев соттун имаратына алынып келинди.


Эскерте кетсек, кечээ түштөн кийин да Темир Сариевдин тарапташтары митинг өткөргөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн