Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:22
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Темирлан Султанбеков Камчыбек Ташиев менен жолугушуу үчүн УКМКга барган

25.11.2021 15:16
817
Темирлан Султанбеков Камчыбек Ташиев менен жолугушуу үчүн УКМКга барган

Темирлан Султанбеков Камчыбек Ташиев менен жолугушуу үчүн УКМКга барган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


 2021-жылдын 23-ноябрында «Социал-Демократ» партиясынын мүчөсүТемирлан Султанбеков, КР УКМК төрагасынын кабылдамасына УКМКнын төрагасы менен жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган.


Ошол эле күнү кечинде (саат 20:00дө), УКМК коомдук кабылдамасында, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалыматы бар экенин айткан Т.Султанбеков менен КР УКМКнын кызматкери сүйлөшүү жүргүзгөн. 


Комитеттин кызматкери, "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ал өлкөнүн жараны катары шайлоо процессинин бузулушунун фактыларын көрсөтүү менен УКМКнын төрагасына кайрылууга укуктуу экенин, ага мыйзамда белгиленген мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар боюнча негиздүү жооп берилээрин Т.Султанбековго билдирген. Ошону менен бирге, Т.Султанбековго атайылап жалган маалымат тараткан боюнча жоопкерчилик бар экендиги эскертилген.


Бирок, Т.Султанбеков расмий кайрылуудан баш тарткан. Ал КРнын шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча колунда болгон маалыматтардын чоо-жайын жана жагдайларын ачыктоодон да баш тарткан.


Белгилей кетчү нерсе, шайлоо процессине кийлигишүү алкагында коомдук аң-сезимди  жалган маалыматтар менен бурмалоо, манипуляцияларды болтурбоо максатында, Шайлоо алдындагы агитация мезгилинде УКМК төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди жана партия өкүлдөрүн жеке кабыл албайт. 


 УКМК  Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жана саясий партиялардын административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусуна жана шайлоо мыйзамдарын бузуусуна жол берилбестигин эскертет.


Шайлоо процессин бузуу фактылары боюнча жарандар УКМКга, ИИМге жана БШКга расмий кайрылууга укуктуу.


Ишеним телефондору: 


- 626504; 


- 660475.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн