Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Тенгиз Бөлтүрүк Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы жыйынында Кумтөрдүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди

15.01.2022 09:44
872
Тенгиз Бөлтүрүк Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы жыйынында Кумтөрдүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди

Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмеси өттү.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жылдын финансы-экономикалык жыйынтыктары тууралуу баяндама жасады.


Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттин менчигиндеги жер тилкелерин берүүнүн тартибине тийиштүү, автотранспорт каражаттарынын салмак көлөмдүк көрсөткүчтөрүнүн талаптарын сактоо жана улуттук экспорттук көзөмөл тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар маселеси боюнча чечимдердин долбоорлору каралды.


Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү COVID-19 дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин кайра экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимдин долбоорун жактырды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынын пандемиясы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө узакка создугушуна байланыштуу, ошондой эле республиканын дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга импорттук көз карандылыгын эске алуу менен, тыюу салуу мөөнөтүн дагы 6 айга узартуу зарыл.


Автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүүнү караган, мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жактырылды. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби мыйзам күчүнө киргенден кийин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.


Министрлер кабинетинин чечими менен ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун алкагында 2858 токтом күчүн жоготту.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо кабыл алынды.


Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин жыйынында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жыл үчүн алтын кениндеги иштин жыйынтыгы боюнча отчетун берди.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн