Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 06:34
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Тенгиз Бөлтүрүккө карата Канадада кылмыш иши козголду

21.05.2021 12:59
2931
Тенгиз Бөлтүрүккө карата Канадада кылмыш иши козголду

Centerra Gold Inc. компаниясы "Кумтөргө" сырттан башкаруучу болуп дайындалган Теңиз Бөлтүрүктү Кумтөр кенин басып алуу жана жашыруун маалыматты ачыктоого айыптап Канадада кылмыш иши козголгонун маалымдады.


Маалыматка караганда, иш Онтарио провинциясынын Жогорку сотунда ачылган. Centerra Бөлтүрүктүн "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана акционери экенин айтып, компанияга жетекчилик кылышына тыюу салууга аракет көрүүдө.


"Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Теңиз Бөлтүрүк директорлор кеңешинен кете электе кыргыз өкмөтү жана башка тараптар менен алтын кенди басып алууну пландап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул көп жылдык инвестициялык келишимди бузууга алып келет. Бөлтүрүк мындай маалыматты Centerra тарапка айткан эмес. Мындан улам ал Centerra компаниясында директорлор кеңешинин мүчөсү болуп туруп ишенимдүү өкүл катары милдеттемелерин бузганы, жашыруун маалыматтарды сактабаганы боюнча айыпталууда", — деп жазылат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн