Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Тергөө абагына гамбургерге катылган баңги затты алып кирүүгө аракет кылышты

22.09.2020 12:15
1330
Тергөө абагына гамбургерге катылган баңги затты алып кирүүгө аракет кылышты


Бишкек шаарында тергөө абагына баңги зат алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 21-сентябрда Бишкек шаарындагы СИЗО-1дин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мекеменин аймагына баңги заттарды алып кирүү боюнча 2 фактыны алдын алышкан.


Болжол менен саат 10:30 чамасында №1 тергөө изоляторунда кармалган жарандардын тамак-аш азыктарын кабыл алуу блогунда, Чүй облусунун 1986-жылы туулган тургуну З.Т., 1992-жылы туулган тургуну А.Т. айыпталуучу жаранга азык-түлүк алып келген. Тинтүү учурунда, буюмдардын ичинен болжол менен салмагы 13 граммды түзгөн полиэтилен баштыктарына оролгон, белгилүү бир кара куурай жыты бар заты табылган”, - деп айтылат маалыматта.


Бул факт “Кылмыштардын жана жосунсуз жоруктардын бирдиктүү реестрине” катталып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматы тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Ошондой эле алдын ала маалымат боюнча, ошол эле күнү мекеменин ыкчам кызматкерлери саат 18:00 чамасында №1 өткөрүү пунктунан өтүп жаткан түнкү нөөмөттүн контролёру, ички кызматтын сержанты Р.Тны тинтүүгө алышкан. 


Натыйжада 9 миң 500 сом суммасындагы акча каражаты жана болжол менен салмагы 13 граммды түзгөн полиэтилен баштыкка оролгон, кара куурайдын өзгөчө жыты бар заты табылган.


Топтолгон материалдар жана буюм далилдер Октябрь РИИБне өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн