Бугу 06, 2024
Убакыт: 04:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Террористтик даярдыктан өткөн эки жаран экстремисттик уюмдан баш тартты

Террористтик даярдыктан өткөн эки жаран экстремисттик уюмдан баш тартты

Нарында эки жаран террористтик жана диний-экстремисттик уюмдан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, кыргыз жарандары, 1985-жылы туулган Нарын облусундагы Нарын шаарынын Б.Б.С. аттуу тургуну жана 1988-жылы туулган Нарын облусундагы Он-Арча айылынын Ж.А.Б. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышты.


Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, кыргыз жарандары эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.


Учурда УКМК эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн