Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Тейитбек баласынан Тайторусун аягандай, уулуңардан 10 млн ду кызгандыңарбы?

25.01.2021 09:28
7010
Тейитбек баласынан Тайторусун аягандай, уулуңардан 10 млн ду кызгандыңарбы?

Курманбек баатыр Калмактар менен кармашаарда атасы Тейитбек хан, Телторусун бербей коет эмеспи. Бул деген карөзгөйлүк менен карасанатайлык, чыккынчылык менен кыянаттык катары сүрөттөлгөн кичи эпостогу драмалык эпизод. Мунун мааниси өтө терең. Кеп, атасы баласынан минген атын аяп койгонунда эмес. Кандай ата өз баласынын өлүмүн каалагандыгы сүрөттөлөт. Бүгүн ошол окуя кайталангансып көрүндү мага. Албетте  жоого аттанып аткан эч ким жок дечи. Бирок кыргыздар душман көзүнө, жаманын жашырып, жакшысын ашырган эл эмес белек...Тескерисинче, "коробой жүргөн акча беле, бир жолу тиштенип, сырттан келген коноктор үчүн жакшынакай ант берсин"! Деген эч ким болгон жок...Эртеңкибизди ойлобой эле күнүмдүк жашап калдык. Алар деле "Кыргыздар теңине албай койду"! Дешпейби? Деген эч ким жок. Башка өлкөлөрдүн океан кечип келген президенттерин кой, тоонун наркы бетиндеги кудаң келсе, жокту бар кылган пейилиң бар эмес беле? Дүркүрөтүп  тоюңа миңдеген конок чакырып 10 млн ду төрт саатта чачып салган жайыбыз бар эмес беле? Бул деген өлкөнүн намысы да. Бул деген элдик майрам да.  Же байкуш болуп көрүнөлү дедикпи? Мусаапыр экен дешсинби? Кредит берет дедикпи? Же Тейитбек баласынан Тайторусун аягандай, уулуңардан 10 млн ду кызгандыңарбы? Анча болду, эмне кийип келишин дагы айтып койгула!


Бул албетте, тек гана жеке оюм.


Инаугурация тургай, үй-бүлөсүнүн бир айлык чыгашасы менен кирешесин санабаган кыргызга эмне болду дейм да? Буга чейинки президенттер деле мамлекеттин эсебинен өткөрүп келген инаугурациясы үчүн, ого бетер жек көрүүгө туура келет экен да. Анын чыгымы канча экенин буга чейин ким билет эле...билбей эле калсак болбойт беле? Кайсы кара курт берди бул маалыматты. Эми аны айтпаса деле түшүнүктүү...


Намыс үчүн 10 млн сом деген эмне? 10 млн ду 100 000 миң шаар тургундарына бөлө келсе 100 эле сомдон тие турган тыйын экен. Миллиарддар желип атканда унчукпаган бизге эмне болду? Чет өлкөдөн канчалаган коноктор келет? Протокол деген бар да. Талап-эреже деген бар да.  Билбейм деги...


Замир Казакбаев

Пикирлер (10)

Коопсуздук коду
Айтпайм
Талап эрежени ушул жерден эстедикпи? Талап эрежени башынан баштаганда туура болмок. Эми тушунук менен жашайбыз ынгайына жараша кете берет окшойбузда.
Эржигит Абдыкааров
Кечирип коюңуз азыр Тейитбектин заманы эмес. Анан да сиз айтып жаткан инсан Курманбек баатырда эрдик көрсөтө алдыбы? Өзү айтты го Адахан Кимсанбаевич 30 жыл оппозицияда жүрүп сынган жок. Мен 10 жылда кыйла боло түштүм деди го.
Айтмырза
Көчүк жалайт десе ушунчалык жалайсыңбы,ботом кичине чеги менен жалачы,же өтүшүп баратсаң садырдын үйүнүн туалетине отуруп ал, кирери менен тазалап турганга, кыскасы түшүнүгүн тар,кур намысчыл, түркөй кошоматчы экенсиң, сендейлердин айынан мамлекет оңолбойт.????????????
Турдали Уулу Баяман
Замир сен анчалык Садырга күйүп-бышпай эле кой, андан көрө Садырга түз эле кошоматчылык кыл.тим эле мисал келтирип , 10 млн сомду 100миң адамга бөлсөк, 100 сомдон гана тийет экен деп уялбай. Андай куру намыс кылат экенсиңер анда, 600млн сом кетирип алтын килем төшөп бергиле Садырдын алдына, 6 млн элге болгону 100 эле сомдон тийет экен.
ТАА
БОЛСО БЕР ОЗУН.ЕЛ КАРЫЗЫНЫ ТОЛОЙБУ ЖЕ БЮДЖЕТИНИ ТОЛТУРАБЫ?ЖАГЫНУУНУН ДА ЧЕГИ БОЛОТ