28-ноябрда Ленинское айылында УАЗ үлгүсүндөгү тез жардам унаасы менен «Ауди» үлгүсүндөгү жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок.
“Белгилүү болгондой тез жардам унаасынын айдоочусу мас абалында болгон”, - деп белгилешти ведомстводон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн