Бугу 13, 2024
Убакыт: 16:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Тилек Токтогазиев, аргументиңиз суу кечпейт!

27.11.2020 10:12
801
Тилек Токтогазиев, аргументиңиз суу кечпейт!

Урматтуу айыл чарба министри Тилек Токтогазиев, малды сыртка чыгарууга тыюу салуу маселесинде чыгарган чечимиңизди кайра карап чыгууну сунуштайм. Өлкөбүз агрардык өлкө болгондугуна карабастан Кеңеш өкмөтүнүн тараганынан бери мал чарбачылыгы өтө өксүк деңгээлде. Мунун бирден бир себеби малдын сапатына эмес, туягын санап санын көбөйтүү менен гана алек болуп калганыбызда. Күз айларында талаага малдын батпай кетип жаткандыгы буга далил. Малдын саны бул темп менен көбөйө бере турган болсо, жайыттардын жок болуу коркунучунда турабыз. Эттин кымбаттап кетүүсүн башкы аргумент катары карап жатасыздар. Эт кымбат болсо этти аз жегенге дагы өтүшүбүз керек. Тойлордо тоодой эт, көлдөй чык кылып деле жүрбөдүк беле. Малды коңшу өлкөлөр алып жатканда, эч нерсеге карабай сатып азайтуу керек. Мунун пайдасы тууралуу айтып кетейин. 


1. Өлкөбүзгө валюта келип, инфляцияны ооздуктоого жардам берет. 

2. Фермерлерге келген каражат өлкөнүн жалпы базарына тарап, мультипликациялык эффект берет жана соода сатык жанданат. Бул өз кезегинде курулуш, кыймылсыз мүлк, сыяктуу тармактарга оң таасирин тийгизип, көптөгөн адамдар жумуш менен камсыз болот. 

3. Фермерлер эбегейсиз каражаттын эсебинен материалдык-техникалык базасын толуктап, айыл чарба продуктыларын өндүрүүдө жаңы этапка өтүшөт. 

4. Фермерлер финансылык көз карандылыктан арылып, кредиттеринен кутулушат. 

5. Түшкөн каражаттын негизинде чет өлкөдөн жогорку деңгээлдеги жаңы пародадагы малдар алынып келинип, кайра эле мал чарбасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. 

6. Калкыбыздын басымдуу көпчүлүгү айыл жергесинде тургандыктан, элеттиктердин жашоо шарты жакшырат. 

7. Эң негизгиси жогоруда айтылгандай малдын санын азайтуу менен, жайлоолордун флора фаунасы калыбына келет. 

  Эми малдын сыртка ташууга тыюу салуунун пайдасы же зыяны тууралуу кыскача айтып өтөйүн. 

1. Сиз айтып жаткан малдын саны азайып кетүү коркунучу жана азык-түлүк коопсуздугу туура эмес, маалыматтарга негизделген болушу толук ыктымал. Биздин өлкөбүздө канча мал бар экенин эч ким так айта албайт. Сиз балкондо чоңойгон болушуңуз мүмкүн, мен айылдын боз талаасында балалыгым өткөн адам катары сизге толук жоопкерчилик менен айта алам, өлкөдө малдын саны Кеңеш өкмөтүнүн тушундагыдан алда канча көп. Айыл жергесине барганда талаада жайылган малды көрүп жүрөм. Андан да тагыраак айтканда кадыресе январь айына чейин жайыт катары колдонулган эгин маялары сентябрь айынын аягына жетпей чаңы чыгып кетип жаткандыгы мунун көрсөткүчү.  Элибиз кайсы малын сатат, кайсы малын сатпайт аны жакшы билет. Тукум бере турган, сүт бере турган малын эч убакта сатпайт. Бул аргументиңиз суу кечпейт. 

2. Өлкөдө эттин кымбатташы өз кезегинде элдин кайсы бир катмарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, бирок эттен башка дагы продуктуларды пайдалануу менен элибиз тамактануунун жаңы маданиятын өздөштүрөт. 

3. Малдын көп болуусу өз кезегинде тоют таңкыстыгына алып келип, агрардык сектордун тоют өндүрүүгө багытталып кетиши, азык түлүк коопсуздугуна өтө чоң коркунуч алып келип жатат.

4. Дүйнөлүк рыноктогу эттин баасы орто эсеп менен алганда азыркы Кыргызстандын баасына туура келет. Сиз аргумент катары көрсөткөн Белоруссия, Россия сыяктуу өлкөлөрдүн өзгөчөлүгү, чочко өстүрүү тармагы өтө жогорку деңгээлде өнүккөндүгүнүн натыйжасынан болуп жатканын эске алуу керек. Чочко жаныбары төлдөгөндө бир баштан 6-7 даана алууга мүмкүн жана тоют маселеси өтө оңой жол менен табылат. Маданияты башка жогоруда айтылган өлкөлөрдүн калкы чочконун этине басым жасап, ийри мүйүздүү малдын эти көп колдонулбайт. Ал эми Түркия, арап өлкөлөрү сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө азыркы биздин баадан алда канча жогору. Ошондуктан балким ушул жогору баага көнүшүбүз керек, рыноктогу суроо талапты жасалма жол менен башкаруу мүмкүн эмес, эгерде бул кадамга бара турган болсоңуздар, экономист катары сизге айта кетейин, терс натыйжаларды жакында аласыз. 


   Айыл чарба парник менен чектелбейт, урматтуу Тилек мырза, кенен карап, туура чечим чыгарасыз деген үмүттөмүн. Өлкөдө керек болсо эт экспортунун көйгөйлөрү чечилген эмес. Көптөгөн жылдар бою фитосанитардык лабораториялар менен мамлекет камсыздап бере албагандыгы малдын арзан болуусунун башкы себеби болуп келген. Коңшу өлкөлөр ага дагы карабай алып жатканда көздү жумуп, рахмат айтып, сатуубуз керек. 


  Азыркы учурдагы айыл чарба тармагын координалдуу өзгөртүүгө барбасак, өтө пайдасыз тармак экенин сизге далилдеп берейин. Майда жана ийри мүйүздүү мал чарбачылыгынын бизге этинен башка эч кандай пайдасы жок. Себеби териси, жүнү дүйнөлүк стандартка туура келбейт. Биздин майда-барат уйлардын терисин эч ким албайт, жүн таштанды гана болот. Кеңеш өкмөтүнүн тушунда 30 миллион баш уяң жүндүү меренос пародасындагы койлордун жүнү азыркы учурда дүйнөлүк рынокто минималдык баасы 2 доллар болсо, жылда 30 миллиондон орто эсеп менен 15 килограммдан жүн бергенде пайдасын эсептеп көрүңүз, накталай 900 миллион. Биз радикалдуу кадамдарга барышыбыз керек, ачкачылыкка чыдасак да дүйнөлүк рынокко чыгара ала турган сырьену өндүрүү үчүн азыркы малдын санын азайтып, сапат жагына өтүшүбүз керек!


Сардарбек Мендебаев, активист

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Огурцыны кобойтобуз буйруса