Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 21:09
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Тилек Токтогазиев жыйынтык көрсөтө албаса министрлик жоюлабы?

16.12.2020 13:35
724
Тилек Токтогазиев жыйынтык көрсөтө албаса министрлик жоюлабы?


Айыл чарба министрлигинин жоюу керек, жок кылыш керек деген сөздөр көп. Мындай сөздөр министрликтен жыйынтык жок болгон үчүн айтылып жатат”, – деп билдирди бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев.


Мисалы, Транспорт жана жолдор министрлиги мынча жол курулду, ӨКМ баланча дамба курдук деп жыйынтык берет. Силер райондордон маалыматтарды аласыңар да статистика катары бересиңер. Бирок алар силердики эмес. Анткени, аны фермерлер берген. 109 үрөнчүлүк чарба бар дедиңиз, ошонун базасында биздин дыйкандарга  жаңычылдык көрсөтө алсаңар, ошондо жыйынтык чыгат. Анан сиздер жаңы ыкмалар пайда болду деп мактана аласыңар. Үрөнчүлүк чарба базасында иш алып барыңыз”, – деди ал.


Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бул боюнча иш алып барып жатканын айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн