Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:21
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Тынчы жок Чычкан ийнине кире качып, алдыдан жай кепшеп, каалгый баскан Уй чыкты

31.12.2020 15:19
1409
Тынчы жок Чычкан ийнине кире качып, алдыдан жай кепшеп, каалгый баскан Уй чыкты

Ошентип,  тыбырчылаган тынчы жок Чычкан жылында  жакшы эле тыбырчылаштык, шору арылбаган Ак үй дагы бир жолу өрттөлүп, кезектеги бийлик алмашты. Элибизде эң жаман каргыш - “үйүң күйгүр” деген каргыш. Ал эми бизге башкы Үйүбүздү мезгил-мезгили менен талкалап, өрттөп туруу адат болуп, өзүбүздү өзүбүз каргап турсак,  кайдан, кантип өнүгөбүз, өсөбүз? Кылгандарыбызды кудай деле көрүп, ниетибизге, ишибизге жараша амирин жиберип турат да. Бизде эл сактоо, мамлекет куруу боюнча интуиция, тажрыйба, каалоо дегенден таптакыр эч нерсе жок экен. Кудай эптеп өзү сактап эле келатат. Дагы сактай берсин!


Ковид деген балээни куйругуна жабыштыра келген тынчы жок Чычкан ийнине кире качып, алдыдан жай кепшеп, каалгый баскан Уй чыкты. Айрым элдер, мисалы  индустар уйду ыйык жаныбар катары эсептешип сыйынышат. Ал чычкандай арам куйту эмес. Сүтүн, айранын ичесиң, майын ашайсың, этин жейсиң,бука- өгүзүн минесиң, эң акырында териси батинке, өтүккө айланат. Турган турпаты өзү эле барчылыкты, молчулукту айтып турат. Дүйнөдө уйдай боорукер жаныбар да аз. Ылайым алдыдагы Уй турпатындай байгер, бардар, мээримдүү болсо экен! Бирок, бирок... алардын баары өзүнөн өзү эле келе бербейт. Уйдан май-сүт агып турушу үчүн анын оозуна жем-чөп тынбай кирип турушу керек... Анан уйдун жай кыймылдап, көп нерсени байкабаган, элес албаган, керилүү, жардуу жерлерде жүрө албаган, сайгак көрсө эле  чычкандан бетер тыбырчылап мөңкүп кетмей коомайлык, макоолук, дөдөйлүк да жагы бар. Э-э кудай, келерки жылда сайгактар да, керилүү, жардуу жолдор да аз болсо экен. Уйубуз  музоологондо эжигейин тоё жеп, май-сүтүнүн да үзүрүн көрүп, жулкунган букаларды алкынтып айдоолорго салбасак,  пандемия деген балээ тынчы жок  арам чычканга кошулуп дене-боюбузду алсыратып, акыбалыбызды кетирип салды.


Ток этери...  Жаңы 2021-жылыңыздар менен! Аманчылыкта, эсенчиликте бололу! Ѳлкѳбүздѳ молчулук, токчулук, ѳсүп-ѳнүгүү болсун!


Мирлан Дүйшенбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн