Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Тирүүсүндө эстелик, же тирүүсүндө барктайлы!

08.07.2020 11:21
1113
Тирүүсүндө эстелик, же тирүүсүндө барктайлы!


Тирүүсүндө эстелик, же тирүүсүндө барктайлы! Дарыгерлер менен иштөөдө менде ушундай ой пайда болду.


Биздин дарыгерлердин эрдиги жөнүндө бүт Кыргызстан окуп жатат. Ар бир мүмкүнчүлүк болгон сайын алардын эмгегин байкап, түшүнүү менен бирге колдоп, жардам кылганга колумдан келишинче аракет кылам.


Бирок, командам менен канчалык аракет кылсак да, аздай сезилет. Мына ошондо алдыбызга милдет койдук: эсте каларлык, мүмкүн революциялык, бирок сөзсүз медицина кызматкерлеринин эмгегин улуктоо, жогору баалоо.


Алардын эрдигин кылымдарга калтыруунун мыкты жолу – искусство, ал зор мааниге ээ жана түбөлүктүү. Пандемия убагында медиктердин чыныгы жашоосун чагылдыруу сунушумду командам колдоду. Сүрөт аркылуу алардын кыйынчылыктарын, эбегейсиз зор эмгегин, үмүтүн, ишеничин жана жеңишин көрсөтүүнү кааладык. Мындай тапшырманы DoXa гана аткара алмакчы.

 

Финансылык мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болгондуктан, сүрөткө боёкторду гана сатып алдык. Калган ишти биздин команда жана DoXa социалдык долбоор катары аткарды. Биздин идеяны социалдык долбоор катары колдогондору үчүн аларга өзгөчө ыраазылык билдирем.

 

Бул сүрөт барыбыздын ыраазычылыгыбыздын символу жана оор учурлар бүткөндө унутуп калбаш үчүн эскерме болмокчу. Жарык дүйнөдөн өтүп кеткендерди, дарылагандарды, жеңүүчүлөрдү барыбыз ар дайым эстеп жүрүүбүздү каалайт элем.

 

Дарыгерлер, медайымдар жана башка бардык көзгө көрүнгүс душман менен талыкпай күрөшүп жаткандар – заманыбыздын каармандары, сиздерге таазим.


Дастан Бекешев, ЖК депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн