Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды.
Жолугушууда кыргыз-украин мамилелери менен Украинадагы учурдагы абал талкууланганын ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын Украинадагы абал боюнча позициясы министр тарабынан бардык жолугушууларда айтылып келгенине өзгөчө басым жасалды.
Казакбаев кандай гана конфликт болбосун саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү керектигин, кызыкдар тараптардын бардыгы кырдаалды турукташтыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгышы зарыл экенин белгилеген. Ошондой эле мурдагы механизмдер натыйжа бербей жатса жаңы форматты түзүүнү сунуштаган.
"Кыргыз Республикасы БУУнун уставында жана башка документтерде белгиленген, жалпы таанылган нормаларды жана эл аралык укуктардын принциптерин сактоону, ошондой эле мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү колдой турганы белгиленди", — деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн