Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти.
Бүгүн, 17-мартта айрым жарандык активисттер, укук коргоочулар элчиликтин алдында Украинаны колдоо максатында акцияга чыгышкан.
Эске салсак, 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн