Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:05
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата манасчылар арасында сынак жарыяланды

05.07.2021 09:36
2011
Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата манасчылар арасында сынак жарыяланды


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата манасчылардын Республикалык кароо сынагын өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, сынак мыкты манасчыларды коомчулукка таанытып, улуу өнөрдү жайылтуу максатында уюштурулууда.

Мелдешке 30 жашка чейинки манасчылар катыша алат. Иш-чаранын 1-баскычы район, шаар, маданият борборлорунда 20-июль күнү өткөрүлсө, 2-3-баскычтары Бишкекте 5-августта боло турганы кабарланды. 

Алдыңкы орунду камсыз кылган манасчыларга диплом жана акчалай сыйлык тапшырылып, Нарын облусунда өтүүчү фестивалга катыша алат.

Кароо-сынакка катышууну каалагандар паспорттун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана арызды министрликтин [email protected] электрондук дарегине жибере алышат. Байланыш номерлери: 0312 66-24-04, 0774 36-95-10, 0709 21-07-33.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн