Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Тогуз-Тородо элдин малын уурдап саткан кылмыштуу топ кармалды

27.10.2020 14:36
608
Тогуз-Тородо элдин малын уурдап саткан кылмыштуу топ кармалды

Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундардын малын уурдап саткан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ушул жылдын 19-октябрь күнү Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын 50 жаштагы тургуну Н.М. жергиликтүү милицияга арыз менен кайрылып, өз арызында 2020-жылдын апрель айында ошол эле райондун Каргалык айыл аймагына караштуу Тагай участкасындагы жайыттан белгисиз адамдар жашыруун 2 баш уюн жана 1 баш тай торпогун уурдап кетишкендигин, жалпы 170 000 сом өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилгендигин билдирип, белгисиз кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.


Аталган факты боюнча топтолгон материалдар 19-октябрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык-кодексинин 200-беренесинин (уурулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Жогорудагы маанидеги арыз менен Тогуз-Торо районунун аймагында жашаган жашоочулардан мал уурулук фактылары боюнча дагы сегиз арыз даттануулар түшүп, алар боюнча да сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, кайдыгер карабаган жергиликтүү тургундар милицияга көмөктөшүп, кылмышка шектүү катары Тогуз-Торо районунун тургундары 1995-жылы туулган К.Ж.  жана 1991-жылы туулган К.Т. экендиги аныкталып, шектүү катарында колго түшүрүлүп, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  



Берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде ыкчам-иликтөө иш-чаралары андан ары да улантылып, шектүүлөр К.Т. жана К.Ж. өздөрүнүн кылмыштуу шериктери менен 2020-жылдын жаз айларынан бери Тогуз-Торо районунун аймагындагы жайыттардан жашоочулардын малдарын жашыруун  уурдашып, оор жүк ташуучу “КАМАЗ” үлгүсүндөгү автоунаага жүктөп, Сузак районунун аймагына алып барып сатып жүргөндүгү такталган.


Ошондой эле,  уурдалган 9 (тогуз) баш мал Сузак районунун чек аралаш аймагынан  табылып, Тогуз-Торо районуна алынып келинип, жабырлануучуларга тил кат менен кайтарылып берилген.



Милициянын бул жасаган ишине жергиликтүү тургундар ыраазы болушуп, мал ээлери кубанып, укук коргоо органдарынын иштерине ийгилик каалашып, уурунун тамырын кыя кескен азаматтарга ак баталарын беришти.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө амалдары улантылып жатат.

 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн