Түндүк—Түштүк жолун куруп жаткан кытайлык жумушчуну издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда 6-июль күнү саат 14:00дөр чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан "China Road" компаниясынын жумушчусу кытай улутундагы эркек адам (1979-жылы туулган) дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 10-июль күнү КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түшкөн.
24-июль күнү
издөө иш-чаралары улантылып, натыйжа болгон эмес.
“Бүгүн “China
Road” компаниясынын өкүлүнүн ыраазычылык катынын негизинде издөө иш-чаралары
токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн