Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Токаев, Мирзиёев, Рахмон жана Си Цзиньпин президентти жана кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктады

31.12.2021 13:08
672
Токаев, Мирзиёев, Рахмон жана Си Цзиньпин президентти жана кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.


Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго бакубатчылык, чың ден соолук, боордош Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн бардык максаттардын ишке ашуусун каалады.


Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Жаңы жылы менен куттуктады. 

«Жалпы баалуулуктарга жана жалпы салттарга, көп кылымдык боордоштук мамилелерге жана жакшы коңшулук принциптерине негизделген достук мамилелерибиз акыркы жылдары бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча жигердүү өнүгүп жатканына абдан кубанычтабыз.


Сиздин жетекчилигиңиз астында 2021-жылы Кыргызстанда жүргүзүлгөн бир катар саясий жана парламенттик реформалар өлкөңүздүн өнүгүүсүн камсыз кылууда маанилүү практикалык кадамдар болуп калганын белгилегим келет.


Үстүбүздөгү жылдын мартында Өзбекстанга мамлекеттик сапарыңыздын алкагында сиз менен болгон сүйлөшүүлөр эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыкты деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.


Эмомали Рахмон мамлекет башчысына Жаңы жылда чын дилинен чыккан куттуктоолор жазылган кат жолдоду.


Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Жаңы жылы менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин билдирген куттуктоо кат жолдоду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн