Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Токаев Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

21.03.2022 09:59
429
Токаев Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.


«Жогорку адеп-ахлактык идеалдарды ишке ашырган бул куттуу жаз майрамы руханий жаңыланууга, тынчтыкка жана биримдикке үндөйт. Эзелтен аздектеп келген Нооруз биримдиктүү боордош мамлекеттерибизге кубаныч жана береке алып келсин.


Биздин биргелешкен күч-аракетибиздин аркасында бекем достукка жана ынак коңшулукка негизделген Казакстан менен Кыргызстандын союзу элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да динамикалуу өнүгө берерине терең ишенем. Нооруз ар бир үйгө байгерчилик жана өсүп өнүгүү алып келсин!», — деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоосунда.


Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго өлкөнүн туруктуу өсүп өнүгүүсү үчүн бардык жакшы иштерде чоң ийгиликтерди, боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн