Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Токаев менен Жапаров эмне тууралуу сүйлөштү?

13.05.2021 12:35
633
Токаев менен Жапаров эмне тууралуу сүйлөштү?

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Казакстан Республикасынын президенти Касым Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.


Мамлекет башчылары бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташып, эки өлкөнүн элдерине тынчтык, өсүп-өнүгүү жана бакубатчылык каалашты.


Ошону менен бирге кыргыз-казак эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын актуалдуу багыттары, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялар талкууланды.


Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге кырдаалга көңүл бургандыгы, кайрат айтып колдоо көрсөткөндүгү, ошондой эле Баткен облусундагы чек арага танапташ айылдардын тургундарына гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.


Тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы учурда күн тартибинде турган маселелердин бардык спектри боюнча биргелешип аракет көрүүнү арттырууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн