Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 22:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Токаевдин мамлекетке кылган кызматы, кетирген катачылыктары жана келечеги тууралуу

18.01.2022 18:06
9749
Токаевдин мамлекетке кылган кызматы, кетирген катачылыктары жана келечеги тууралуу


Мамлекеттик ишмер, академик Осмонакун Ибраимов Казакстандагы тополоңго баасын берди. Ошондой эле мурдагы президент Нурсултан Назарбаев менен азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин мамлекетке кылган кызматы, кетирген катачылыктары жана келечеги тууралуу көз карашын Азаттыкка билдирди.

- Борбор Азиядагы эң стабилдүү, мартабалуу өлкө саналган Казакстанда чыккан тополоң дүйнөнүн көңүлүн бурган окуя болду. Эмне үчүн ушундай кырдаал түзүлдү? Сиз себебин эмнеден көрүп жатасыз?

- Казакстан канчалык жаратылыш байлыктары көп, экономикалык потенциалы чоң болсо да, бийлик башында отуз жыл отурган Нуракебиз (Нурсултан Назарбаев) элдин кыжырына тийип бүттү да. Казак эли бизге караганда дагы чыдамдуу экен. Экинчи жагынан Назарбаевдин бийлиги элдин оозун жаап таштады. Жок дегенде эки ооз сөз айтып, пикетке чыкканга мүмкүндүк берген жок. Сөз эркиндигин чектеп койду. Бул типтүү эле көрүнүш. Ар кандай иштин чеги болот.

- Назарбаевдин башкы катасы ушул деп ойлойсузбу?

- Назарбаевди бир жактуу күнөөлөгөн, албетте, туура эмес. Казакстанды Казакстан кылган, мамлекетти түптөөнүн башында турган - Нурсултан Назарбаев. Биз муну унутпашыбыз керек. Анын жаңылыштыктары менен Казакстанга кылган кызматын тараза ташка салып өлчөп көрсөк, жакшы иштери көбүрөөк деп ойлойм. Башкасын коюп эле Астана шаарын карайлычы. Аянты жагынан чоң мамлекет. Анда канча жолдор, инфраструктуралар курулду. Дүйнөдө жакшы аттуу мамлекет болду. Ошонун бардыгын Назарбаев жасады.

Адатта, тополоңдо ушундай болот, бийликтен кеткендин эртеси эки жүздүүлөр, жасакерлер өз ишин баштайт. Ошол көрүнүш Казакстанда деле болуп жатат. Ошентсе да биз калыс сөзүбүздү айтышыбыз керек.

- Ооба, кыйла саясатчылар дагы Назарбаев постсоветтик өлкөдө алдына киши салбаган күчтүү, жаратман лидер болгону талашсыз деп айтып жатышат. Назарбаевдин лидерлик күч-кубаты, кудурети эмнеде эле?

- Назарбаев чындыгында чоң масштабдагы саясатчы болчу да. Тээтиги СССР кулаган кезде, Ельциндин көзү тирүү кезинде эле көз карандысыздык алган мамлекет башчыларынын арасында бул кишинин кадыр-баркы чоң болду. Эч ким президент болуп туулбайт. Бирок, чыныгы лидер болуш ар бир адамдын өзүнөн да. Ушул жагынан алганда Назарбаев мамлекет деген эмне, аны кантип түптөп, керегесин тикелеп, түндүгүн көтөрүш керек дегенди абдан жакшы үйрөнүп, Казакстандын пайдубалын, экономикасын түптөөдө чоң иш кылды.

Бирок, экинчи жагы, байлыгы көп өлкөнү башкарды. Менчиктештирүү доору башталганда Назарбаев Казакстандын эбегейсиз көп газ, мунай кен байлыктары чыга турган жерлерди чет өлкөлүк компанияларга, айрыкча америкалык компанияларга арзаныраак баада “уруп” ийди да. Кийин көп жер байлыктарын Кытайга берип таштады. Кийин миңдеген гектар жерди Кытайга бериш керек деп чыгып, аны казактар кыйкырык-сүрөөн менен токтотушту. Ошол өңдүү иштер жыйылып отуруп, январдын башында “жарылып” кетти да.

Негизи казактарды бизден мыкты жашайт деп айта берип кулагыбыз көнүп калган. Чындыгында казак аулдарында жашаган элдин турмушу биздин айылдагылардан төмөн экенин азыр көрүп жатпайбызбы. Биздин Кыргызстандын айылдары, кудайга шүгүр, өсүп атат. Элибиз мал-жандуу. Казактардын далай айылдары унутта калып калды.

- Осмонакун мырза, эми тополоң тынчыды. Өкмөт алмашты. Президент Касым-Жомарт Токаев радикалдуу кадамдарга баратат деп атышат. Башкаруу реформасын жасап жатат. Бул элди канааттандырабы? Эл ушуну менен тынчыйбы?

- Менин оюмда, Токаев тополоң башталгандан бери эле өтө көп ката кетирип койду. Бийликте өзүнүн узагыраак отурушу кыйын маселе болуп калды деп ойлойм. Себеби, биринчиден, жөн эле турган жерден Орусиянын (ЖККУ-ред.) аскерлерин чакыртты. Бул жакшы эмес көрүнүш болуп калды. Экинчиси, “эскертпей туруп аткыла” дегени өтө опурталдуу буйрук болуп калды. Ушунун өзү Токаевдин кечирилгис катасы деп ойлойм. Мунун көп кесепетин тартып, казак элинин алдында жооп берет го. Дагы бир жагы, 20 миң террорчу сырттан келди деген сөздү далилдей албай жатышат. Факты жок. Ушундан улам Казакстандын кийинки өнүгүү парадигмасы, жолу татаалдашып калды деген ой кетип атат. Себеби, эки тараптан тең олуттуу каталар кетти.

- Назарбаев даанышман лидер болчу деген сөздөр да айтылып атпайбы. Мына кошуна эле Кыргызстанда үч ирет эл көтөрүлдү, күч менен бийлик алмашты. Грузияда, Украинада ыңкылаптар болду. Постсоветтик өлкөлөрдү эле мисал келтирип жатам. Назарбаев эмнеге булардан сабак алгысы келген эмес?

- Ачкөздүк. Каран калган ачкөздүк көп лидерлердин шоруна калып жатпайбы. Болбосо миллиарддаган долларды ээлеп алды. Швейцариядан баштап АКШдагы, Лондондогу, Эмираттардагы байлыктарын эл көрүп отурат. Азыр интернеттин заманы. Анан жанагы сырттан келди деген 20 миң террорчу эмес эле жедеп жаны кашайган казактар мына эмесе деп талкалап киришти да.

- Демек Казакстандагы акыркы тополоңго жакындары эмес, Назарбаев өзү себепкер десек туура болобу?

- Биринчи катачылык Назарбаевде. Кеттим дегенден кийин кетип калыш керек эле. Бийликке кайра кийлигишип отуруп албадыбы. Мына эми азыр дайыны жок. Казакстандан чыгып кеткенби же өлкөнүн ичиндеби? Ичинде болсо көзү тирүүбү? Кечээ орустун бир талдоочусу айтып атат, “ууландырып коюшту окшойт” деп. Ким билет? Азыркы ааламдашкан дүйнөдө Казакстан өтө майлуу олжо сыяктуу. Казакстанга көз арткандар көп. Чоң державалар бар. Жанагы Жириновскийге окшогон оозуна алы жетпегендер “Казакстандын аймагы эмнеге чоң болуп кеткен, Түндүк Казакстанга Орусиянын көп жерлери өтүп кеткен” дегендей кептерди айтып атат.

- Укуктук жактан алганда Назарбаев али Элбасы. Конституциясы бышыктап турат. Ал кишинин мындан аркы тагдыры кандай болот, сиздин көз карашта?

- “Төрүнөн көрү жакын калган” кишини тепкилеш оңой эле. Ага көп акылдын, күчтүн кереги жок. Менин оюмда, бала-чакасы, жек-жааты Казакстандын толуп жаткан байлыктарын алып кеткени – бул факт. Швейцарияда, Женевада, башка жактарда хансарайлары турат. Ошол сыяктуу ар кайсы жерлердеги дүнүйөлөрүн сатып, башка жолдорун таап, Казакстандын экономикасына кайтарып, мойнуна коюш керек. Элинен кечирим суратыш керек.

Кытайда, мисалы, Мао Цзедун жасабаган жаман-жакшы эч нерсе калган эмес. Бирок, кытайлар анын сүрөтүн акчасына балчайта чаптап, баскан-турган жерлерин музей кылып салышты. Себеби, Мао Цзедундун кылган иштеринин жакшы-жаман жактарын таразанын ташына салганда анын Кытай үчүн жасаган эмгеги каталарына караганда көбүрөөк экен деп тапты. Атын сактап калды. Аны Кытайдын улуу реформатору Дэн Сяопин жасады.

Назарбаевди деле ушундай чечсе дурус болмок. Аны соттоп, түрмөгө тыккандан бир тыйын пайда жок. Бул кишинин кийинки жашоосу түрмөдөн да жаман болуп калды го. Бул эми казактардын өзүнүн иши албетте. Биз эми калыс эл катары айтып атабыз. Мен дагы бир нерсени айта кетпесем болбой турат.

- Айтыңыз.

-Бул - Алматыдагы окуяларга кыргыз элинин мамилеси. Коомдук уюмдар сырттан аскер киргизбеш керек деп айтып чыгышты. Экинчиден, казак эли менен биргебиз, келсе жардам беребиз деп, акцияларды уюштурушту. Кандай мыкты элбиз. Эки миң жылдан ашык тарыхы бар кыргыз элинин улуулугу ушундан көрүндү. Мен өткөндө жаздым, бизге Назарбаев баш болуп, сөөмөйү менен көрсөтүп, сын такпашы керек эле. Каалаган учурда чек араны жаап, каалаганда ачып, каалагандай мамиле жасашты. Бул туугандык мамиле эмес. Мен албетте табалаган жерим жок. Казактар акылдуу эл го, кыргыз элинин кандай эл экенин дагы бир жолу баамдап койгону дурус болмок.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн