Бугу 08, 2024
Убакыт: 10:20
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Токмок шаарынын дарыгерлери 2 млн сомдон ашык акчаны өздөрүнө ыйгарып алган

05.10.2021 11:20
1016
Токмок шаарынын дарыгерлери 2 млн сомдон ашык акчаны өздөрүнө ыйгарып алган



Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан Токмок шаардык Жалпы дарыгердик практика борборунда (мурдагы Токмок шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана аймактык ооруканасы) жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекетке 2 502 885 сом зыян келтирилгендиги аныкталды.  Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Тактап айтканда, 2020-жылы аталган медициналык мекемесинин кызмат адамдары жасалма эмгек келишимдерди түзүү менен айрым административдик-башкаруу кызматкерлерине эмгек акы, сый акы жана башка төлөм түрүндө мыйзамсыз жол менен 2 133 615 сом төлөөлөрдү жүргүзгөн.


Ошондой эле, алар бланкалык продукцияларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча жасалма документтерди түзүү менен 369 270 сом акча каражатын ыйгарып алышкан. 


Жогорудагы фактылар боюнча материалдар кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн