Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токмокто 25 млн сом бөлүнгөн оорукананын оңдоо иштери качан бүтөрү айтылды

08.09.2020 10:43
710
Токмокто 25 млн сом бөлүнгөн оорукананын оңдоо иштери качан бүтөрү айтылды


Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 85%га аткарылды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. 

 

Маалыматка караганда, курулуш объектисинин жалпы аянты 4 617 м2, ал эми долбоордук кубаттуулугу боюнча 216 орунга эсептелинет.


Бүгүнкү күнгѳ карата 100%га демонтаждоо иштери, полдордун түздѳѳсү, имараттын тышкы жасалгасы, тепкичтин грунтовкалоо  жана жер төлө жайларындагы дубалдарын коюшу бүткѳрүлдү. 


Ошондой эле 100%га реанимациялык бѳлүмү, имараттын чатыры, жылытуу системасы, канализациялык түтүктөрү жана электр өткөргүчтөрдүн орнотуу иштери аяктады. Учурда объектте ички жасалгасы жана желдетүү шахталарынын түзүлүшү боюнча иштер уланууда.


Белгилей кетсек, аталган объект 25 млн 716 миң сомго каржыланды. Жумушчулардын саны 160 адам. Объектти 2020-жылдын 15-сентябрына карата аяктоо пландаштырылууда. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн