Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Токмокто ата өгөй кызын 2 жылдан бери зордуктап жүргөн

18.12.2020 10:03
3356
Токмокто ата өгөй кызын 2 жылдан бери зордуктап жүргөн

Токмокто өгөй ата 15 жаштагы өгөй кызын 2 жылдан бери зордуктап жүргөң. Бул тууралуу жактоочу 24.kg сайтына маалымдаган. 


Анын айтымында, өгөй атасы тарабынан сабалган алты жашар Рамазан менен болгон окуядан кийин 15 жаштагы кыздын чоң апасы ага кайрылган.


«Анын айтымында, кыз өгөй атасы тарабынан эки жыл бою кордук көргөн. Кыздын апасы бул жөнүндө билип, унчукпай, күйөөсүн жаап жашырган. Жакында жабырлануучу таежесине жана чоң энесине баарын айтып берди. Алар милиция чакырышкан. Бул факты Бирдиктүү реестрге 5-декабрда катталган. Бирок маселе боюнча аракеттер көрүлбөй жатат. Бул  зордуктлаган кыздын өгөй атасы М.Р. ишти жең ичинен бүтүргөндөй сезилет. Кыз азыр психиатриялык ооруканага жаткырылды. Өгөй ата кызды окуяны айтып берсе өлтүрөм деп коркуткан», - деди жактоочу.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сыргабек кызы Нургул
Булга окшогон аталарды атыш керек